Беспилоттук авиация системасы (БАС) «Лунь – 20» АЦИЕ.791488.025 (ары карай – Өнүм) беспилоттук аба кемеси (БАК) жакын аралыкта учуучу учак типинде, бордундагы БАКка орнотулган алмаштыруучу максаттуу жабдууга (МЖ) жараша, оптикалык-электрондук жана радиотехникалык көзөмөл жүргүзүү үчүн, ошондой эле аэросүрөт тартуу үчүн, жерден башкаруу пунктунан (ЖБП) 120 км аралыкта болуучу убакытта колдонууга арналган. Өнүмдүн функционалдык максатына жараша БАКта төмөнкү жабдуулар орнотулушу мүмкүн: – Мобилдик терминалдарды (МТ) издөө, маалымат билдирүүлөрүн таратуу жана жер бетин алыстан көзөмөлдөө үчүн жабдуу (МЖ-1.1, МЖ-1.2); – Жер бетин оптикалык-электрондук көзөмөлдөө үчүн жабдуу (МЖ-2, МЖ-3.1, МЖ-3.2, МЖ-3.3, МЖ-3.4); – Аэросүрөт тартуу үчүн жабдуу (АСТ) (МЖ-4.1, МЖ-4.2, МЖ-4.3).
Tell us what you need and get quotes from verified suppliers